Меню
Эл-Сөздүк

чак

чак (мезгил), чагы, чакка
чак түш

чак

чак (туура, ылайык),
чагы
чак келүү

чак

чак (туур.): чак-чак

чак

чак (майдала-), чагып,
чаккан

чак

чак (ууландыруу), чагып,
чаккан

чак

I зат. 1. Белгилүү бир убакыт, мезгил, кырдаал, учур, кез. Эми келдим көргөнү Элүүдөн ашкан чагымда (Калык). Радиолуу клубдар эл менен жык толгон чак (Үмөталиев). Эрмегим комуз колдо ойноп, Ээлигип сайрар чак ушул (Бөкөнбаев).
2. грам. Кыймыл-аракеттин же ал-абалдын мезгилин көрсөтүүчү этиштин формасы. Өткөн чак. Учур чак. Келер чак.
ЧАК II сын. 1. Чоң да, кичине да болбой туура келе турган, көлөмү жагынан туура, жетишерлик, ылайык. Бутуңа чакты таба албайсың (Бейшеналиев). Булгаары тердик ак токум, Ошол Нарбууданга чак токум («Манас»).
2. Чакан, кичирээк, азыраак, анчалык эмес. И, былтыр бизге мынчалык акыл кошууга эски директорубуздун чамасы чак болучу (Сыдыкбеков). Бүгүн байлык чети оюлбас бир кендей, Малы жайнап, бир капчыгай чак келбей (Маликов).
Чак түш — күн так төбөгө келген мезгил, чаңкай туш. Чак түштө өзүм жалгыз постко чыктым, Токойдон алда кандай шыбырт уктум (Үмөталиев). Чак келбөө — 1) тең келбөө, теңдеше албоо. Өлүп калган Канышың, Кирпигине чак келбейт (Жантөшев); 2) түтпөө, жетишерлик болбоо. Балдар жарыша иштесе,
аларга ылай чак келбей, тигил ташуучуларды шаштырат (Сыдыкбеков). Атка жеңил тайга чак — жеңил-желпи, шамдагай. Атка жеңил тайга чак, Күлүктүгү бар экен («Эр Төштүк»). Көөнү же көңүлү чак — көңүлү куунак, кубанычтуу. Төрт жигиттин көздөгөнү колунда, көңүлдөрү чак (Жантөшев).
ЧАК III туур. Темир, таш сыяктуу катуу нерселердин бири-бирине урунушуусунан чыккан дабышты билдирүү үчүн колдонулат. Болоттон балкалары чак-чак соккон, Түр жасап эрип жаткан кызыл чоктон (Бөкөнбаев).
ЧАК IV этиш. 1. Таш, сөөк сыяктуу катуу нерселерди уруп, чаап талкалоо, сындыруу, майдалоо. Ташты чаккан чукулукту көтөрүп, убап-чубап жөнөгөндө караңыз (Маликов).
2. Жанып уруу, жанып уруп от чыгаруу. [Каныбек] оттук чагып, отунду куусунан сындырып от жакты (Жантөшев).
3. Ушактоо, жамандоо, чагым айтуу.
4. Датын, муңун козгоп айтуу, чечиле айтуу. [Кедейлер] бир-бирине муңун чагат (Турусбеков).
5. Тогоп эсептөө. Эгер койго чаксак, жараган эки кой болот эле (Жантөшев).
Ичкилик чагуу — ичкилик ичкенден кийин ооруп калган сыяктуу өзүн абдан жаман сезип калуу.
ЧАК V этиш. 1. Тиштеп туруп уусун жиберүү, талоо (мис., жылан, кара курт, чиркей, ж. б.). — Э чоң ата,деди кечүүдөн өткөн соң Динаржыландар кишини чагат, ээ? (Сыдыкбеков). Боз тоголок бүргө этин чаккан болчу, Токтогул (Токтогул).
2. Кээ бир өсүмдүктөр, мис., чалкан, денеге тийгенде дүүлүктүрүү, тызылдатуу.
3. өт. Сөөгүнө жеткирүү, жанына батыра сөз айтуу. Жаман айтып сөз менен, Жандын баарын чагар деп («Саринжи — Бөкөй»). Бул сөздөр бектин денесин чалкандай чагып, баш терисин тырыштырды (Абдукаримов).
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числочак
Множ. числочактар
Синонимы
тиште
учур
мезгил
Связанные слова
чактуу
чактыр
тиштөө
чагуу
Склонение по падежам - "чак"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?чак
Родительный Чей?чактын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?чакка
Винительный Кого?, Что?чакты
Местный Где?, У кого?чакта
Исходный Где?, У кого?чактан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?чактар
Родительный Чьи?чактардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?чактарга
Винительный Кого?, Что?чактарды
Местный Где?, У кого?чактарда
Исходный Откуда?, От кого?чактардан

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: