|
Сертификат
|
|
ТАСТЫКТАМА (СЕРТИФИКАТ) (фр. certificat , орто кылымдагы лат. certified – күбөлөндүрөм) – 1) белгилүү бир фактыны күбөлөндүрө турган жазуу жүзүндөгү күбөлүк (кеменин деңизде жүрүүсү жөнүндөгү Т., деңизде жүк ташуу Т., эмдөө жүргүзүлгөндүгү жөнүндөгү Т.); 2) мамлекеттик органдардын зайымдык каржы милдеттенмеси; ал адатта анча чоң эмес акчада чыгарылып, майда жана орто ээликтештердин арасына жайгаштырылат, ошондой эле кредиттик уюмдарга салымдардын чегерилгендигин ырастай турган документ (м.: аманат (депозиттик) Т.); 3) камсыздандыруу Т., ал камсыздандыруу келишиминин шарттарын камтып, камсыздандыруу полисин алмаштырат; 4) тышкы иштерде – соода-өнөржай палатасы, лабораториялар же тастыктоо кат борборлору тарабынан берилет.
|