Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы: уламал
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - Публичный конкурс
 

Публичный конкурс

 
Жарыя сынак

Публичный конкурс

 
ЖАРЫЯ СЫНАК – милдеттүүлүк укугунун институту, бир жактуу бүтүмдүн бир түрү. КР жарандык мыйзамдарына ылыйык ишти мыкты аткаргандыгы же дагы башка жыйынтыктарга жетишкендиги (жарыя сынак) үчүн акчалай сыйлык же дагы башка сылык берүүгө жарыя кылган жак анын шарттарына ылайык жеңүүчү деп табылган жакка убада кылынган сыйлыкты төлөп берүүгө тийиш. Ж. с. кандайдыр бир жалпы коомчулук үчүн пайдалуу максатка жетүүнү көздөөсү керек. Сынакты уюштуруучулар кулактандыруу же жалпы маалымат каражаттары аркылуу ал сынакка баардык каалоочуларды чакырса, Ж.с. ачык болуп саналат, ал эми сынакка катышуу сунушу уюштуруучулардын өздөрү тандап алган белгилүү бир жактардын чөйрөсүнө гана жөнөтүлсө, Ж. с. жабык болуп эсептелет. Эгер сынакка катышууну каалагандардын ичинен алдынала иргеп алуу жүргүзүлсө, Ж. с. алдынала жиктештирүү менен шартталат. Ж. с. жөнүндөгү кулактандыруу аткарыла турган иштин же дагы башка жетишкендиктин жыйынтык баалоо тартибин, тапшырма маанисин, чен-өлчөмүн караган шарттар, ошондой эле сынак жыйынтыгын жарылоо тартиби жана мөнөтү менен коштолууга тийиш. Ж. с. жарыялаган жак сынак иштерин кабыл алуу мөөнөтүнүн биринчи жарымында гана сынак шартын өзгөртө же аны жокко чыгара алат. Сынак шарты өзгөргөн же жокко чыгарылган учурда, аны жарыялаган жак сынак иштери боюнча ага чейин аткарууга же жарым-жартылай аткарууга кеткен кандай гана жактын болбосун чыгымдарынын ордун толтуруп берүүгө тийиш. Сынак негизин илимий, адабий, көркөм өнөр чыгармалары түзгөн сынак шартында, Ж. с. өткөргөн тарап мындай чыгармаларды пайдалануу үчүн автордук сыйакы төлөп берүү артыкчылык укугуна эгедер. Эгер Ж. с. шартында башкача каралбаса жана аткарылган иш мүнөзүнөн башкача чара көрүү келип чыкпаса, сынак жарыялаган жак сынак сыйлыгына арзыбай калган иштерди өз ээлерине кайтарып берүүгө тийиш.

Публичный конкурс

 
айкын конкурс


Хотите добавить свой перевод для слово: "Публичный конкурс"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru