|
Потребляемые вещи
|
|
КЕРЕКТЕН ЧЫГУУЧУ БУЮМДАР – бир жолу пайдалангандан кийин жок кылынуучу же олуттуу өзгөрүүгө учуроочу (м.: чийки затты кайра иштетүү) буюмдар, алардан айырмаланып керектен чыкпоочу буюмдар пайдаланылганда эскирет, жешилет, бирок бир топ убакыт бою өздөрүнүн баштапкы касиеттерин жоготпойт (машиналар, турак үй, эмерек ж. б.). К. ч. б. мүлктү жалдоо, акысыз пайдалануу келишимдеринин заты боло албайт, бирок, м.: карыз берүү келишиминин предмети боло алат, анткени, акчаны чыгымдаган карызкор кредиторго карызын башка акча белгилери менен кайтарат.
|