|
Дипломатическая почта
|
|
ДИПЛОМАТТЫК ПОЧТА – 1) «дипломаттык кат алышуу» деген түшүнүктүн түгөйлөшү; 2) эларалык тажырыйбада бир тарабынан мамлекеттер, эларалык уюмдар жана эларалык укуктун башка субъекттеринин, экинчи тарабынан алардын тышкы чет өлкөлүк байланыш органдары – элчиликтер, миссиялар, соода жана башка өкүлчүлүктөрү, консулдук кызматтары менен байланыштын кеңири колдонулган түрү. Д. п. юридикалык статусу ушундай эле саналган тышкы чет өлкөлүк байланыш органдарынын өзара кат-кабарларынын баардык түрлөрүнө таралат. «Д. п.» аталгысы ушул максаттарда пайдаланылуучу дипломаттык же консулдук вализдер деп аталуучу техникалык каражаттарга да тийешелүү.
|