|
Всеобщее избирательное право
|
|
ЖАЛПЫ ШАЙЛОО УКУГУ – КР жарандарынын мамлекеттик бийлик органдары менен жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына шайлоо жана шайлануу, анын ичинде талапкерлерди көрсөтүү, шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу, шайлоонун жүрүшү менен шайлоо комиссияларынын ишине, анын ичинде добуш берүү жыйынтыгын аныктоо менен шайлоо натыйжаларын аныктоого ж. б. шайлоо иш-аракеттерине көзөмөлдүк жүргүзүү укугу. КР жаранынын тек-жайына, жынысына, расасына, улутуна, кызмат жана мүлктүк абалына, туткан динине, саясий жана диний көзкарашына ж. б. шарттарына карабастан, шайлоого жана шайланууга укугу бар.
|