|
Анонимный счет
|
|
ТОГОЛОК ЭСЕП – белгилүү бир эсеп боюнча
аткарымдарды жүргүзүү талабын койгон тараптын аты-жөнүн тактабастан туруп,
карамагындагы каражатты тейлей бере турган банк эсеби. Т. э-теги каражатты
пайдаланууга укугу бар жактарды аныктоо номур, код, пароль ж. б. (банк
кардарынын атынан, же аталышынан башка) аркылуу жүргүзүлөт. Т. э-тин эсеп номуру
сыяктуу түрлөрү өтө кеңири таралып, ыйгарым укуктуу жактар ал келишимди бекемдөө
катары кардарга берилчү документте көрсөтүлгөн эсеп номуру боюнча
аныкталат.
|