огонь |
1. (пламя) от; развести огонь от жагуу; 2. (свет) от, жарык, чырак; в окне горел огонь терезеден от көрүнүп турду; огни фонарей фонарлардын жарыгы; работать при огне чырак жагып иштөө; 3. воен. ок атуу (мылтык, пулемёт же артиллерия огу, атуусу); ураганный огонь жамгырдай жааган ок; вести огонь ок атуу; открыть огонь ок ата баштоо; под огнём ок астында; огонь! (команда) огонь! ("аткыла!" деген команда); антонов огонь уст. см. гангрена; подлить масла в огонь отко май тамызуу; между двух огней бир жак жар, бир жак суу (эки коркунучтун ортосу); из огня да в полымя погов. аңгектен качса, дөңгөккө; какаганга муштаган болуп; бояться кого-л. как огня бирөөдөн өлгүчө коркуу, бирөөдөн аябай коркуу; днём с огнём не найдёшь такыр эле таппайсың; он прошёл огонь и воду и медные трубы погов. ал көп кыйынчылыктарды башынан өткөргөн, анын көрбөгөнү калбады; нет дыма без огня погов. жел болбой, чөптүн башы кыймылдабайт. |