|
Таможенная территория
|
|
БАЖЫ АЙМАГЫ – мамлекеттин бажы мыйзамдары толук көлөмдө колдонулуучу аймак. КР мыйзамдары боюнча КР Б. а-н КР кургак жер аймагы менен анын үстүндөгү аба мейкиндиги түзөт. КР аймагында эркин бажы аймагы менен эркин кампалар жайгашышы мүмкүн. КР мыйзамдарында аныкталгандан башка учурларда, алар КР Б. а-нан тышкары жайгашкан катары каралат. КР Б. а-нын чеги, ошондой эле эркин бажы аймагы менен эркин кампалар чеги КР бажы чегарасы болуп саналат.
|