|
Торги
|
|
ТООРУК – айрым келишимдерди (соода-сатык, алып келүү, жалдама ж. б.) түзүүнүн атаандаштык тартиби. Т. аукцион же конкурс түрүндө өткөрүлөт. Чет өлкөлүк (эларалык) аталгытаанууда жана КРдин айрым ченемдик актыларында Т. (конкурстук тариздеги) тендер деп аталат. Келишим Т-та утуп алган жак менен түзүлөт. Т-тун уюштуруучусу катары буюмдун ээси же мүлк укугунун ээлик кылуучусу, болбосо адистешкен уюм чыгуусу мүмкүн, ал буюмдун ээси же мүлк укугунун ээлик кылуучусу менен түзүлгөн келишимдин негизинде аракеттенет жана алардын же өз атынан чыгат. Мыйзамда белгиленген эрежелерди бузуу менен өткөрүлгөн Т. кызыкдар жактын доо арызы боюнча жараксыз деп табылуусу мүмкүн.
|