|
Тара
|
|
ТАРА (идиш) (ит. tara , араб. тарха – ыргытылган нерсе) – ташуунун жүрүшүндө жана сактоодо өнүмдөрдүн сакталуусун камсыз кылуучу буюмзат (жашик, челек ж. б.). Таңгактан айырмаланып, аны кайталап (көп ирет) колдонууга жол берилет. Эгер соода-сатык келишимдеринде башкача каралбаса жана милдеттенме мазмунунан башкача келип чыкпаса, өзүнүн мүнөзү боюнча таралоону жана/же таңгактоону талап кылбаган товарлардан тышкары товарларды сатуучу Т-сы жана/же таңгагы менен кошо берүүгө милдеттүү, ал эми сатып алуучу, эгер ташып жеткирүү келишиминде башкача белгиленбесе, товарлар келип түшкөн көп ирет пайдаланылуучу Т-ны кайтарып берүүгө милдеттүү.
|