|
Юрисдикция международная
|
|
ЭЛАРАЛЫК ЮРИСДИКЦИЯ – айрым катмардагы иштердин эларалык органдардын кароосуна тийиштүүлүгү. Э. ю. мамлекеттин юрисдикциясынын жалпы принциптеринин өзгөчөлүү болуп саналат, б. а. анын эгемендүүлүгүнүн чектелүүсүн шарттайт. Ошондуктан, кандайдыр бир эларалык уюмдун юрисдикциясына баш ийдирүү үчүн тийиштүү мамлекеттин ачык макулдугу талап кылынат. Алып айтсак, БУУнун Эларалык сотунун статутунун 36-ст. боюнча мамлекеттер өзү үчүн Эларалык соттун юрисдикциясы милдеттүү экени жөнүндө билдирүүлөрү мүмкүн (бирок милдеттүү эмес). Көпчүлүк мамлекеттер азыркы күнгө чейин анын юрисдикциясынын милдеттүүлүгүн тааныша элек.
|