Меню
Эл-Сөздүк

Шайлоо ченталабы (жиктештирүүсү)

ШАЙЛОО ЧЕНТАЛАБЫ (жиктештирүүсү) – шайлоо укугун алуу же ишке ашыруу үчүн мыйзамдар тарабынан аныкталган шарт. Аркайсы өлкөлөрдүн конституциялык ишинде төмөндөгүдөй Ш. ч. белгилүү: жаш курагы, жарандыгы, сабаттуулугу, мүлктүк, билими, туруктуу жашашы, жынысы, расасы, кызматы, тили. Мүлкү, жынысы, расасы боюнча Ш. ч. дайыма басмырлоочу мүнөзгө ээ болуу менен, шайлоо укуктарынын демократиялык принциптерине жатпай турган көрүнүш. Башка Ш. ч. басмырлоочу болуп эсептелбеген менен, ушул сыяктуу максаттарда пайдаланылышы мүмкүн (м.: туруктуу жашоо талабынын мөөнөтү өтө созулуп кеткен учурда).

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: