|
Тайна страхования
|
|
КАМСЫЗДАНДЫРУУ СЫРЫ – кызмат, ошондой эле коммерциялык сырлардын бир түрү. КР жарандык мыйзамдары боюнча, камсыздандыруучу өзүнүн кесипкөйлүк ишинин натыйжасында алынган камсыздануучу , камсыздалган жак, пайда табуучу, алардын денсоолугунун абалы, ошондой эле бул жактардын мүлктүк акыбалы жөнүндөгү маалыматтарды жарыялоого акысы жок. К. с-на кирген маалыматтарды мыйзамсыз жолдор аркылуу алган жактар келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүүгө тийиш. Мына ушундай эле милдеттер эмгек келишимине карабастан К. с-н жарыялаган кызматкерлерге жана жарандык-укуктук келишимге каршы жасаган контрагенттерге да жүктөлөт.
|