|
Совет безопасности кр
|
|
КР КООПСУЗДУК КЕҢЕШИ – КР Президентинин коопсуздукту камсыз кылуу жагындагы чечимдерин даярдоону жүзөгө ашыруучу, кеңеш берүүчү конституциялык орган. КР К. к. коопсуздукту камсыз кылуу жагында КР ички жана тышкы саясатынын маселелерин, мамлекеттик, коомдук, коргонуу, маалыматтык, экологиялык жана башка коопсуздук стратегиялык маселелерин, калктын саламаттыгын сактоо, чукул кырдаалдарды божомолдоо жана алдыналуу жана алардын кесепеттерин жоюу, туруктуулукту жана укук тартибин камсыз кылуу маселелерин, ошондой эле инсандын, коомдун жана мамлекеттин турмуштук омоктуу мүдөөлөрүн сырткы жана ички коркунучтардан коргоонун ал-абалын карайт.
|