Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - РУКА
 

рука

 
ж.
1. кол;
кисть руки кол манжасы;
правая рука
1) оң кол;
2) перен. оң кол (негизги жардамчы);
левая рука сол кол;
поднять руку
1) кол көтөрүү;
2) на кого-л., перен. бирөөгө кол көтөрүү, кол салуу;
опустить руки колду түшүрүү;
протянуть кому-л. руку бирөөгө колун сунуу;
пожать чью-л. руку, пожать кому-л. руку бирөөнүн колун кысуу, кыса кармоо;
махать руками кол булгоо;
нагреть руки разг.
1) колду жылытуу;
2) перен. үкүнүн уясын же май чукур табуу (бир шитин айланасында жымкырып, кытып дүнүйө табуу);
развязать руки кому-л.
1) бирөөнүн колун чечип бошотуу;
2) перен. бирөөнүн колун бош коюу, эркине коё берүү;
связать руки
1) колдорун байлоо;
2) перен. эркине коё бербөө, тыюу салуу, эркин аракет кылууга жол бербөө;
умыть руки
1) колун жуу;
2) перен. жооптуулукту өзүнөн алып таштоо, тим болуу;
держать в руках
1) кармап туруу, колунда кармап туруу;
2) перен. (быть строгим с кем-л.) бирөөнү катуу кармоо, бирөө менен катуу мамиледе болуу;
держать за руку колунан кармоо;
держать ребёнка на руках баланы колдо көтөрүп туруу, баланы колго алып туруу;
идти с кем-л. под руку бирөө менен колтукташып басуу;
взять кого-л. под руку бирөөнү колтуктоо, колтуктап алуу;
вести кого-л. под руку бирөөнү колтуктап алып баруу;
с оружием в руках колго курал алып;
руками не трогать! колуң менен кармаба!, кол тийгизбе!;
руки вверх! (команда) көтөр колунду!, колуңду көтөр!;
2. чаще мн., перен. (мастерство, умение) кол (мыкты иштөө, чебердик жөнүндө);
золотые руки колунан көөр төгүлөт;
у него умелые руки анын колунан баары келет (ал ар нерсени жакшы иштей алат);
дело в опытных руках иш тажрыйбалуу кишинин колунда;
3. (почерк, подпись) кол, жазуу;
у него неразборчивая рука анын жазуусу ачык эмес, анын колун окуу кыйын;
это не моя рука бул менин колум эмес;
4. (сторона) кол, кол жак, жак;
по правую руку оң колдо, оң жакта, оң кол жакта;
5. разг. (протекция) колдогону;
просить чьей-л. руки бирөөнү "мага аял бол" деп суроо;
отдать кому-л. руку бирөөгө аялы болууга макулдугун берүү;
переписывать от руки колдон көчүрүп жазуу;
рука об руку кол кармашып, ынтымак менен, ынтымакташып;
передать из рук в руки колдон колго берүү;
рука руку моет погов. сай-сайга куят, бай-байга куят;
своя рука владыка погов. өз колунда болгон соң..., өзү билип турган соң...;
рука не дрогнет жүрөгү даайт, колу барат;
руки не доходят (до чего-л.) разг. кол бошобойт, кол тийбейт;
руки опускаются иштөөгө кол барбайт, иштөөгө эч көңүл жок;
руки чешутся (у кого-л.)
1) кол кычышат;
2) с неопр., разг. урушкусу келип турат;
руки коротки разг. колу кыска (колунан келбейт, күчү жетпейт);
руки прочь! тарт колуңду!;
средней руки орточо, чакан;
сидеть сложа руки колду куушуруп бекер отуруу, эч нерсе иштебөө;
не покладая рук жан аябай, тынбай;
это дело его рук бул ошонун колунан келди, бул ишти ал кылган бул ал колдуу болгон;
рукой подать (куда-л., откуда-л.) эң эле жакын, ээктин алдында;
как рукой сняло разг. кол менен алып таштагандай;
даю руку на отсечение разг. кулагымды кесип берейин;
держать чью-л. руку бирөөнүн жагында (тарабында) болуу;
набить себе руку на чём-л. бир нерсеге колду маш кылуу, колду үйрөтүү, машыгуу;
протянуть руку помощи жардам кылуу;
приложить руку к чему-л. бир ишке катышуу, кийлигишүү, жардамдашуу, жардам кылуу;
наложить руку на что-л. бир нерсени ээлеп алуу, бир нерсени басып алуу;
наложить на себя руки өз жанын кыюу (өзүн өзү өлтүрүү);
ломать руки аябай кайгыруу, кан ыйлоо;
чужими руками жар загребать погов. бирөөнүн колу менен чок шилөө;
быть как без рук (без кого-чего-л.) колдон ажырагандай болуу, жардамсыз калуу;
сон в руку разг. түшүң кабыл келсиң, туш келсин;
давать волю рукам разг. колго эрк берүү (муштоо, сабоо), мушташуу;
ухватиться обеими руками за что-л.
1) бир нерсеге эки колу менен тең жармашуу;
2) перен. бир ишке жан-дили менен киришүү, бир нерседен жан-дили менен пайдалануу;
взять себя в руки өзүн өзү колго алуу;
отдать в хорошие руки кого-что-л. ишенимдүү кишиге берүү, ишенимдүү колго берүү;
быть в хороших руках жакшы, иш билги, акылдуу адамдын жетекчилиги астында болуу;
попасть в плохие руки ишенимсиз, калпычы, жаман адамга туш келүү;
побывать во многих руках көп колдордо болуу, колдон колго өтүү (мис. акча, китеп ж.б.);
быть в чьих-л. руках бирөөнүн колунда болуу, бирөөдөн көз каранды болуу;
играть в четыре руки роялда эки кишилеп ойноо;
из рук вон плохо эң эле жаман, өтө жаман;
всё из рук валится көңүл чаппай калып, колдон эч нерсе келбей жатат; эч нерсени иштегиси келбейт, мейли чаппайт; иштесе да, арбыбайт;
выпустить из рук колдон чыгарып жиберүү (мис. демилгени, учурду ж.б.);
узнать из первых рук биринчи булактан (маалыматтан) билүү;
прибрать к рукам что-л. бир нерсени колго алып алуу, ээлеп алуу;
на скорую руку бат эле ары-бери кылып бүтүрө салуу;
это ему на руку бул ага жага бербей калат, бул анын чырагына май тамызат;
он на руку нечист разг. анын колунун туткагы бар, колу туткактуу, колу кармаак;
выдать на руки кому-л. что-л. өз колуна берүү, өзүнө тапшыруу;
мастер на все руки баары колунан келген уста, колунан бардык нерсе келген, бардык иш колунан келген;
документы (бумаги и т.п.) на руках документтер (кагаз ж.б.) колдо;
быть на руках у кого-л. бирөөнүн багуусунда болуу;
иметь на руках кого-л. бирөөнү багып туруу;
носить кого-л. на руках бирөөнү үстү-астына түшүп, алпештеп алып жүрүү; алаканына салып алпештөө;
умереть на руках у кого-л. бирөөнүн колунда өлүү;
отбиться от рук разг. такыр тил албай өз билгенин кылуу, моюн бербей коюу, колдон чыгып кетүү, билгенин кылуу;
быть по руке (о перчатках) колго туура келүү (мээлей);
дать по рукам сокку берүү;
быть связанным по рукам и ногам колу-буту байлангандай эч убактысы болбоо, эркин жүрүүгө мүмкүнчүлүгү жок болуу;
ударить по рукам "макулбуз" деп кол алышуу;
ходить по рукам (о книге) колдон колго өтүү, бирөөдөн бирөөгө таралуу (китеп жөнүндө);
под пьяную руку разг. мас кезде, мастык менен;
попасть под руку учурга туура келип калуу;
быть не с руки кому-л. ыңгайсыз, ылайыксыз, орунсуз;
сойти с рук кому-л. күнөөлүү болуп туруп, жазасыз кутулуп кетүү;
тебе это с рук не сойдёт мындан сен жазасыз кутула албайсың;
сбыть с рук кого-что-л. бир нерседен же бирөөдөн эптеп кутулуу;
с рук (купить) колдон (сатып алуу, магазинден эмес);
вернуться с пустыми руками куру кол кайтуу;
большой руки негодяй разг. барып турган митаам;
с рук долой колдон чыкты - бүттү;
с вашей лёгкой руки разг. колуңуз жеңил болду; ак жолтой, берекелүү колуңуз менен;
тяжёлая рука жолу жок кол, жолу кара кол, ийгиликсиз кол;
голыми руками брать оңой эле алуу, опоңой алуу.

рука

 
кол
Перевести через онлайн Переводчик

Найти все переводы слова "РУКА" на Русском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "РУКА"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru