|
Публичный договор
|
|
ЖАРЫЯ КЕЛИШИМ – КР жарандык мыйзамдарына ылайык, коммерциялык уюмдар тарабынан түзүлүп, товр сатуу, жумуш аткаруу, кызмат көрсөтүү боюнча анын милдеттерин аныктай турган келишим. Мындай уюмдар, өзүнүн иш-аракет мүнөзү боюнча, ага кайрылган жактардын баардыгына кызмат көрсөтүүгө тийиш (соода-сатык, жалпы пайдаланылуучу унаа менен ташуу, байланыш кызматы, электр кубаты менен камсыз кылуу, медициналык, мейманкана жана банк кызматы ж. б. у. с.). Мыйзамдарда каралгандан башка учурларда, коммерциялык уюмдар жарыя келишим түзүү кезинде кандайдыр бир жакка карата артыкчылык берүүгө акысы жок. Табар, жумуш, кызмат баасы, ошондой эле Ж. к-де каралган шарттар баардык кардарларга бирдей тийешелүү болууга тийиш, бирок мыйзам боюнча кардарлардын айрым катмарына жеңилдиктер берилиши мүмкүн. Коммерциялык уюмдардын мүмкүнчүлүгү бар туруп Ж. к. түзүүдөн баштартуусуна жол берилбейт. Мыйзамда каралган учурларда, КР Өкмөтү Ж. к-ди түзүүдө тараптар үчүн милдеттүү болгон эрежелерди чыгара алат ( жалпыга бирдей келишимдер, жоболор ж. б.).
|