-
Нерв
-
(гист.,анат.) нерв; нейрондун узун талчаларынан турган тарамыш сыяктуу, узун жиптер. Булардын түрлөрү: Н. блоковой (анат.) — блок нерви, мээден чыгып, эки көздү бирдей буруп, кыймылдатуучу жуп нерв; н. блуждающий (анат.) — тентиме нерв, мээден чыгып, дененин көп органдарын тейлөөчү жуп нерв; н. Висцеральный (анат.) — висцерал нерви, ички органдарды тейлөөчү нерв; н. Возбуждающий (физиол.) — жээликтиргич нерв, жээлигүү, туюнуу импульстарын органга алып келип, анын ишин ылдамдаттыргыч нерв; н. глазодвигательный (анат.) — көз ойноктоткуч нерв, мээден чыгып, эки көздү кыймылдатуучу жуп нерв; н. головной (анат.) — баш нерви, омурткасыз жандыктардын баш жактагы органдарын тейлөөчү нерв; н. Двигательный (физиол.) — кыймылдаткыч нерв, жээлигүү импульстарын булчундарга алып келип, буларды кыймыл аракетке келтирүүчү нерв; н. добавочный (анат.) — кошумча нерв, мээден чыгып көкүрөктөгү булчуңдарды тейлөөчү жуп нерв; н. зрительный (анат.) — көргөзгүч нерв; жарыктын шоолаларын кабыл алып, булардын импульсун мээге жеткирүүчү жуп нерв; н. лицевой (анат.) — бет нерви, мээден чыгып, бетти тейлөөчү жуп нерв; н. обонятельный (анат.) — жыт алдыргыч нерв, жыт импульстарын мурундун ичинде (канылжаардын түп жагында) кабыл алып, мээге жеткирүүчү жуп нерв; н. подъязычный (анат.) — алкым нерви, мээден чыгып, алкым аймагын тейлөөчү жуп нерв; н. смешанный (физиол.) — аралаш нерв, сездиргич жана кыймылдаткыч нейрондордун талчаларынан чогулган нерв; н. слуховой (анат.) — угузгуч нерв, кулактын ичинен (угузгуч аппараттан) табыш толкундарын кабыл алып, мээге жеткирүүчү жуп нерв; н. сосудодвигательный (физиол.) — тамыр соктургуч нерв, жээлигүү импульстарын борбордон кантамырлардын булчуң керегелерине алып келип, булардын аракетин тейлөөчү нерв. Бул эки түрдүү болот: н. сосудорасширяющий — тамыр кеңиткич нерв, н. сосудосуживающий — тамыр тарыткыч нерв; н. сяжковый (анат.) — мурут нерви, омурткасыз жандыктардын көбүнүн мурутундагы сездиргич нерв; н. тормозящий (физиол.) — тизгиндегич, басаңдаткыч нерв, импульстарды борбордон органдарга, ткандарга алып келип, булардын аракетин басаңдаттыруучу, токтоттуруучу нерв; н. тройничный (анат.) — үчүлүк нерв, мээден чыгып, дененин тиешелүү жерлерин тейлөөчү жуп нерв; н. чувствительный (физиол.) — сездиргич нерв, жээлигүү импульстарын сырттан же ичтен борборго ташып сездирип туруучу нерв; н. языкоглоточный (анат.) — көмөкөй нерви, тил-кулкун нерви, мээден чыгып, тил, кулкун, мууздоо ж.у.с. органдардын аракетин тейлөөчү жуп нерв.
Также найдены следующие похожие слова на Русском языке
strtoupper(RU)
Такое же слова на других языках:
Похожие слова на других языках:
KG
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
НЕРВ