|
Микрокредитное агенство
|
|
МИКРОКРЕДИТТИК АГЕНТТИК – мыйзамда белгиленген учурлардан сырткары, коммерциялык эмес уюм таризинде түзүлгөн, КРУБдун күбөлүгүн алган, жеке өздүк каражаттарынын гана, болбосо донор уюмдардын, жергиликтүү же эларалык каржы уюмдарынын каражаттарынын эсебинен, уюмдун уставдык максаттарына ылайык жеке жана юридикалык жактарды микрокредиттөөнү ишке ашыруучу адистештирилген кредиттик мекеме. М. а. КР мыйзамдарына ылайык кирешени өзүнүн катышуучуларынын арасында бөлүштүрө албайт жана аны уставдык милдеттерди чечүүгө багыттайт.
|