|
Коммерческий подкуп
|
|
КОММЕРЦИЯЛЫК САТЫП АЛУУ – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган экономикалык кылмыш; коммерциялык же башка уюмдардын кызмат кызыкчылыктарына каршы багытталган жана анда башкаруучу милдеттерди аткаруучу адамга (ага тете эле ал адамдын мыйзамсыз алуусу), ал адамдын кызмат абалына байланыштуу берүүчүнүн кызыкчылыгында акча, баалуу кагаздарды, башка мүлктөрдү мыйзамсыз берүүсүндө, ага тете эле ага мүлктүк мүнөздөгү кызматтарды мыйзамсыз көрсөтүү аракеттеринде (аракетсиздигинде) болот. Жогоруда айтылган жосундарды иштеген адам, эгер ага карата опузалап алып коюу болсо же ал адам К. с. а. боюнча кылмыш-жаза ишин козгоо укугуна ээ органга өз ыктыяры менен кабарласа, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.
|