|
Клиринговая деятельность (клиринг)
|
|
КЛИРИНГДИК ИШ (КЛИРИНГ) – ал клиринг катышуучуларына төмөндөгүдөй сөзсүз түрдө аткарылуучу кызмат көрсөтүүлөрдү камтыйт: а) бүтүм жыйынтыгы боюнча акча каражаттарын которуу жана баалуу кагаздарды жеткирүү үчүн негиз болуп саналуучу документтерди түзүү жана аткарууга жөнөтүү; б) акча каражаттары жана баалуу кагаздар боюнча милдетенмелердин аткарылышына, тактап айтканда, «төлөмгө жараша ташып жеткирүү» каадасынын сакталышына көзөмөлдүк кылуу, анын ичинде эсеп-кысап документтеринин аткарылышына карата түзүлгөн жана багытталган иштерге көзөмөлдүк жүргүзүү; в) жасалып бүткөн бүтүмдөр боюнча мидеттенмелердин аткарылышына көзөмөлдүк кылуу; г) баалуу кагаздар базарында жасалган бүтүмдөр боюнча милдеттенмелердин аткарылуу жүрүшүндө келип чыгуучу тутумдук тобокели менен өтүмдүүлүк тобокелин башкаруу механизмдерин уюштуруу. Баалуу кагаздар базарындагы адистешкен ишмердиктин бир түрү болуп саналат.
|