Меню
Эл-Сөздүк

кут

кут
кут алчу билим
кут болсун!
кут түшүү

кут

зат. 1. миф. Элдик ишеним боюнча: үйдүн түндүгүнөн коломтого түшкөн жана аны алган кишиге бакты-таалай, түбөлүк жыргалчылык берүүчү кочкул кызыл түстөгү кичинекей килкилдек зат. Кээ бир кудай сүйгөн үйдүн төбөсүнөн кут түшөт («Ала-Тоо»).
2. өт. Бакыт, таалай. Кыз, жигит куруп селкинчек, Кут кетпесин элиңден (Үмөталиев).
¨ Кут болсун — бактылуу, таалайлуу болсун, буюрсун деп куттуктоо, тилек, алкыш маанисинде айтылуучу сөз. Сапарыңар кут болсун, Жапар балам! (Бөкөнбаев). Таалай жолуң кут болсун! (Аалы). — О, садагаң Мендирман, Кут болсун Каныш өзүңө! «Мендирман». Куту учуу — үрөйү учуу, аябай коркуу. Куту качуу — жүдөө, азып-тозуу, жакырлануу. Кут жылдыз к. жылдыз.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: