|
Идентификация товаров, транспортных средств
|
|
ТОВАРЛАРДЫ, УНАА КАРАЖАТТАРЫН ДАЛДАШТЫРУУ – бажы көзөмөлүнүн бир таризи; далдаштыруу КР бажы органдарына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн карамагына берилип, унаа каражаттарында, имарат жайларда болбосо товар же унаа каражаттары жайгашкан же жайгаша турган жайларда жүргүзүлөт, ошондой эле бажы көзөмөлүндө турган товар менен унаа каражаттары КР бажы органдары тарабынан куйма эн салуу, мөөр басуу, сан, тамга басуу ж.б. маркалоо, далдалдаштыруу белгилерин коюу, үлгүсүн жана сынамыгын алуу, энтамга басуу, товар менен унаа каражаттарын сыпаттап жазуу, чиймесин түзүү, көлөмдүк сүрөттөлүшүн, фотосүрөтүн, жасалгасын даярдоо, товарды коштоочу ж. б. документтерин пайдалануу ж. б. далдаштыруу каражаттары аркылуу далдаштырылат.
|