|
Генеральный подрядчик
|
|
БАШКЫ ПОДРЯДЧЫ – өз милдеттенмесинин бир бөлүгүн башка бирөөгө (жармакташ аткаруучуга) жүктөгөн подряд келишиминин бир тарабы. Ушундай шартта ал Б. п. аталуу менен, тапшырыкчынын алдында жармакташ аткаруучу тарабынан милдеттенменин аткарбай калышынан же талаптагыдай аткарылбай коюусунан улам келип чыгуучу жоопкерчиликтерди тартат, ал эми жармакташ аткаруучунун алдында подряд келишими боюнча тапшырыкчынын өз милдеттенмелерин таптакыр аткарбай же талаптагыдай аткарбай койгон жоопкерчилигин көтөрөт.
|