|
Банковская тратта
|
|
БАНК ТРАТТАСЫ – вексель берүүчү да, вексель боюнча төлөөчү да бир эле банк болгон которум вексели. Б. т. – өтүмдүүлүгү боюнча накталай акчага жакын турган банк жабдыгы. Вексель берүүчү да, вексель боюнча төлөөчү да бир жак болгондуктан, ал чек болуп саналбайт. Кардарлардын өтүнүчү боюнча, Б. т. көбүнесе жергиликтүү банк бөлүмдөрү тарабынан башкы кеңсе дарегине карата жазылат; мындай учурда кардарлар акчасын башка шаарлардан ала тургандай ишенимдүү төлөм документине эгедер болот.
|