|
Бандитизм
|
|
КЕСКИЛИК – коомчулуктун коопсуздугуна каршы КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган кылмыш. Ал төмөндөгүлөрдөн турат: а) жарандарга же уюмдарга колсалуу максатында туруктуу уюшулган куралдуу топту (банданы (кескитопту) түзүү, андай топко (кескитопко) жетекчилик кылуу; б) куралдуу топко (кескитопко) катышуу, демек, банданын колсалууларына катышуу. Бир дагы жолу колсалуу жасабагандыгына карабастан, куралдуу кескитопту уюштуруунун өзү эле аякталган кылмыш болуп таанылат. Кескитопко катышуу – ошондой эле аякталган кылмыш.
|