|
Лимит
|
|
ЧЕКТӨӨ – 1) КРдин айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органы тарабынан илимий мекемелер менен макулдашуу боюнча белгилүү аймактагы жаныбарлар дүйнөсүнүн объектерин белгилүү мөөнөт ичинде алууга болуучу аныкталган санынын жеткен чеги; 2) биологиялык түрдүүлүктүн бузулбоосун эсепке алуу менен өсүмдүктөр дүйнөсүнүн алууга боло турган аныкталган объектеринин жеткен чеги; 3) айлана-чөйрөнү коргоо тармагында – жаратылыш байлыктарын алуунун, пайдалануунун, айлана-чөйрөгө зыяндуу заттарды ыргытуунун, таштоонун акыркы чеги. Жаратылышты коргоо, анын байлыктарын үнөмдүү пайдалануу, ага зыяндуу таасир этүүнү алдыналуу максаттарында белгиленет; 4) аймактагы экологиялык кырдаалды эске алуу менен белгилүү мөөнөткө юридикалык жана жеке жактар үчүн жайгаштыруу улуксат берилген калдыктардын чектелген саны.
|