|
Кредитные системы
|
|
КРЕДИТ ТУТУМУ – кеңири мааниде – кредит мамилеринин, кредит тариздери менен усулдарынын жыйындысы, тар мааниде – өлкөнүн кредит мекемелеринин тутуму. Өнүккөн өлкөлөрдүн К. т-на төмөнкүлөр кирет: а) банктар; б) адистештирилген банктык эмес кредит-каржы мекемелери; в) баалуу кагаздарды салуу жана узак мөөнөттүү ссудаларды берүү үчүн камсыздандыруучулардын төгүмдөрүн пайдалануучу камсыздандыруу компаниялары; г) бааракылык фонддор; д) калктын аманат акчаларын борборлоштуруп, ссуда капиталына айландыра турган аманат кассалары; е) күрөөканалар ж. б.
|