|
Конкуренция исков
|
|
ДООЛОРДУН АТААНДАШТЫГЫ – милдеттенмелик-укуктук (келишимди аткаруу, чыгымдарды калыбына келтирүү, негизсиз алганды же сактаганды кайтаруу жөнүндө) же буюмдук-укуктук (виндикациялык, негатордук же таануу доосу жөнүндө) – бузулган менчик укугун коргоо үчүн доонун түрүн тандоо мүмкүнчүлүгүнүн берилиши. М.: күрөө кармоочу күрөө берүүчүгө күрөөнү кайтаруудан баш тарткан учурда кийинкиси аны кайтарып берүүнү же ээлик кылуучу, же күрөөгө берүүчү катары талап кыла алат. Мында жарандык укуктагы: келишимдик доонун болгону келишимден сырткары доо коюуга жол бербейт принциби колдонулат.
|