|
Биологические индикаторы
|
|
(биол.) биологиялык индикаторлор; өздөрүнүн бар экендиги, же өөрчүшүнүн интенсивдүүлүгү сырткы чөйрөнүн табигый процесстерине көрсөткүс болуучу организмдер. Б. мембраны (цит.) — биологиялык мембраналар, клеткалардын жана анын ичиндеги бүдүрчөлөрдүн сыртында жаткан белоктуу-липиддүү челдер; б. ритмы (физиол.) — биологиялык ритмдер, биологиялык процесстердин, кубулуштардын аракеттүүлүгү жана мүнөзү мезгил-мезгил өзгөрүп кайталанып турушу; б. часы (физиол.) — биологиялык саат, айбандардын жана кишинин убакытты баамдоо жөндөмдүүлүгү.
|