Меню
Эл-Сөздүк

Потребительская кооперация

Керек-жарак кооперациясы

Потребительская кооперация

КЕРЕК-ЖАРАК КООПЕРАЦИЯСЫ – кээбир өлкөлөрдө, мисалы, РФде уставдарынын негизинде, өздөрүнүн товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон керектөөлөрүн акчалай жана материалдык мүчөлүк акылардын эсебинен канааттандыруу максатында аракеттенүүчү пайчылардын ыктыярдуу коомдорунун, алардын бирикмелеринин жыйындысы. 16 жашка толгон жарандар жана юридикалык жактар керек-жарак коомдорунун (бирликтеринин, кооперативдеринин) пайчылары (мүчөлөрү) боло алышат. К.-ж. к. пайчыларынын мүдөөлөрүндө даярдоо, соода, өндүрүштүк, ортомчулук багытындагы, ошондой эле мыйзамда тыюу салынбаган башка ишмердиктерди жүзөгө ашырат, социалдык-тиричиликтик инфратүзүмдү өнүктүрүүгө артараптан көмөк көрсөтөт, кайрымдуулук иштерин жүргүзөт, эларалык кооперативдик кыймылга катышат. К.-ж. к-на туракжай курулуш, дача-курулуш, гараж, багбанчылык д. у. с. кооперативдер кирет. К.-ж. к. коммерциялык эмес уюм болуп саналат. К.-ж. к. тарабынан мыйзамга жана уставга ылайык жүзөгө ашырылган ишкердиктен алынган кирешелер анын мүчөлөрүнүн ортосунда бөлүштүрүлөт.
Перевести через онлайн Переводчик

Примеры переводов: Потребительская кооперация

Русский Кыргызский
Соотношение двух или нескольких денежных единиц, валют разных стран, устанавливаемое по их покупательной способности применительно к определенному набору товаров и услуг. Паритет покупательной способности может быть частным, устанавливаемым по определенной группе товаров, и общим, устанавливаемым по всему общественному продукту. Например, если один и тот же набор потребительских товаров, скажем потребительская корзина, стоит 1 500 сомов и 50 долл. США, то паритет покупательной способности составляет 1 500 : 50 = 30 сомов на 1 долл. Бул, эки же бир нече акча бирдиктеринин, ар кайсы өлкөлөрдүн валюталарынын катышы, ал товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн белгилүү бир тобуна карата алардын сатып алуу жөндөмдүүлүгү боюнча белгиленет. Сатып алуу жөндөмдүүлүк паритети товарлардын белгилүү бир тобу боюнча белгиленген жеке жана бардык коомдук продукт боюнча белгиленген жалпы болушу мүмкүн. Мисалы, керектөө товарларынын бир эле топтому, айталык керектөө куржуну 1500 сом жана 50 АКШ доллары турат дейлик, анда сатып алуу жөндөмдүүлүк паритети 1 500 : 50 = 1 доллар үчүн 30 сомду түзөт.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: