|
Страховая сумма
|
|
КАМСЫЗДАНДЫРУУ СУММАСЫ – эгер келишимде же мыйзамда башкача каралбаса, камсыздандыруу мүчөлүк акыларын жана камсыздандыруу боюнча төлөп берүүнүн өлчөмдөрүн белгилөөгө негиз болуучу, камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн же болбосо мыйзамда белгиленген акчалай кошунду. Мүлктү камсыздандырууда К. с. анын келишим түзүлгөн учурдагы чыныгы наркынан (камсыздандыруу наркынан) ашпоого тийиш. Эгер камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн К. с. мүлктүн камсыздандыруу наркынан ашып кетсе, мыйзамга ылайык, мүлктүн келишим түзүлгөн учурдагы наркынан ашкан бөлүгү жараксыз болуп саналат. Өздүк камсыздандыруу келишиминде К. с. камсыздануучу тарабынан камсыздандыруучу менен макулдашуу аркылуу белгиленет. Камсыздандыруу боюнча камсыздандыруучуга же үчүнчү жакка төлөп берүү алардын башка камсыздандыруу келишимдери, ошондой эле социалдык камсыздандыруу жана зыяндын ордун толтуруу тартибинде алуучу кошундуларга көзкарандысыз түрдө төлөнүп берилет.
|