рука |
1. кол; кисть руки кол манжасы; правая рука 1) оң кол; 2) перен. оң кол (негизги жардамчы); левая рука сол кол; поднять руку 1) кол көтөрүү; 2) на кого-л., перен. бирөөгө кол көтөрүү, кол салуу; опустить руки колду түшүрүү; протянуть кому-л. руку бирөөгө колун сунуу; пожать чью-л. руку, пожать кому-л. руку бирөөнүн колун кысуу, кыса кармоо; махать руками кол булгоо; нагреть руки разг. 1) колду жылытуу; 2) перен. үкүнүн уясын же май чукур табуу (бир шитин айланасында жымкырып, кытып дүнүйө табуу); развязать руки кому-л. 1) бирөөнүн колун чечип бошотуу; 2) перен. бирөөнүн колун бош коюу, эркине коё берүү; связать руки 1) колдорун байлоо; 2) перен. эркине коё бербөө, тыюу салуу, эркин аракет кылууга жол бербөө; умыть руки 1) колун жуу; 2) перен. жооптуулукту өзүнөн алып таштоо, тим болуу; держать в руках 1) кармап туруу, колунда кармап туруу; 2) перен. (быть строгим с кем-л.) бирөөнү катуу кармоо, бирөө менен катуу мамиледе болуу; держать за руку колунан кармоо; держать ребёнка на руках баланы колдо көтөрүп туруу, баланы колго алып туруу; идти с кем-л. под руку бирөө менен колтукташып басуу; взять кого-л. под руку бирөөнү колтуктоо, колтуктап алуу; вести кого-л. под руку бирөөнү колтуктап алып баруу; с оружием в руках колго курал алып; руками не трогать! колуң менен кармаба!, кол тийгизбе!; руки вверх! (команда) көтөр колунду!, колуңду көтөр!; 2. чаще мн., перен. (мастерство, умение) кол (мыкты иштөө, чебердик жөнүндө); золотые руки колунан көөр төгүлөт; у него умелые руки анын колунан баары келет (ал ар нерсени жакшы иштей алат); дело в опытных руках иш тажрыйбалуу кишинин колунда; 3. (почерк, подпись) кол, жазуу; у него неразборчивая рука анын жазуусу ачык эмес, анын колун окуу кыйын; это не моя рука бул менин колум эмес; 4. (сторона) кол, кол жак, жак; по правую руку оң колдо, оң жакта, оң кол жакта; 5. разг. (протекция) колдогону; просить чьей-л. руки бирөөнү "мага аял бол" деп суроо; отдать кому-л. руку бирөөгө аялы болууга макулдугун берүү; переписывать от руки колдон көчүрүп жазуу; рука об руку кол кармашып, ынтымак менен, ынтымакташып; передать из рук в руки колдон колго берүү; рука руку моет погов. сай-сайга куят, бай-байга куят; своя рука владыка погов. өз колунда болгон соң..., өзү билип турган соң...; рука не дрогнет жүрөгү даайт, колу барат; руки не доходят (до чего-л.) разг. кол бошобойт, кол тийбейт; руки опускаются иштөөгө кол барбайт, иштөөгө эч көңүл жок; руки чешутся (у кого-л.) 1) кол кычышат; 2) с неопр., разг. урушкусу келип турат; руки коротки разг. колу кыска (колунан келбейт, күчү жетпейт); руки прочь! тарт колуңду!; средней руки орточо, чакан; сидеть сложа руки колду куушуруп бекер отуруу, эч нерсе иштебөө; не покладая рук жан аябай, тынбай; это дело его рук бул ошонун колунан келди, бул ишти ал кылган бул ал колдуу болгон; рукой подать (куда-л., откуда-л.) эң эле жакын, ээктин алдында; как рукой сняло разг. кол менен алып таштагандай; даю руку на отсечение разг. кулагымды кесип берейин; держать чью-л. руку бирөөнүн жагында (тарабында) болуу; набить себе руку на чём-л. бир нерсеге колду маш кылуу, колду үйрөтүү, машыгуу; протянуть руку помощи жардам кылуу; приложить руку к чему-л. бир ишке катышуу, кийлигишүү, жардамдашуу, жардам кылуу; наложить руку на что-л. бир нерсени ээлеп алуу, бир нерсени басып алуу; наложить на себя руки өз жанын кыюу (өзүн өзү өлтүрүү); ломать руки аябай кайгыруу, кан ыйлоо; чужими руками жар загребать погов. бирөөнүн колу менен чок шилөө; быть как без рук (без кого-чего-л.) колдон ажырагандай болуу, жардамсыз калуу; сон в руку разг. түшүң кабыл келсиң, туш келсин; давать волю рукам разг. колго эрк берүү (муштоо, сабоо), мушташуу; ухватиться обеими руками за что-л. 1) бир нерсеге эки колу менен тең жармашуу; 2) перен. бир ишке жан-дили менен киришүү, бир нерседен жан-дили менен пайдалануу; взять себя в руки өзүн өзү колго алуу; отдать в хорошие руки кого-что-л. ишенимдүү кишиге берүү, ишенимдүү колго берүү; быть в хороших руках жакшы, иш билги, акылдуу адамдын жетекчилиги астында болуу; попасть в плохие руки ишенимсиз, калпычы, жаман адамга туш келүү; побывать во многих руках көп колдордо болуу, колдон колго өтүү (мис. акча, китеп ж.б.); быть в чьих-л. руках бирөөнүн колунда болуу, бирөөдөн көз каранды болуу; играть в четыре руки роялда эки кишилеп ойноо; из рук вон плохо эң эле жаман, өтө жаман; всё из рук валится көңүл чаппай калып, колдон эч нерсе келбей жатат; эч нерсени иштегиси келбейт, мейли чаппайт; иштесе да, арбыбайт; выпустить из рук колдон чыгарып жиберүү (мис. демилгени, учурду ж.б.); узнать из первых рук биринчи булактан (маалыматтан) билүү; прибрать к рукам что-л. бир нерсени колго алып алуу, ээлеп алуу; на скорую руку бат эле ары-бери кылып бүтүрө салуу; это ему на руку бул ага жага бербей калат, бул анын чырагына май тамызат; он на руку нечист разг. анын колунун туткагы бар, колу туткактуу, колу кармаак; выдать на руки кому-л. что-л. өз колуна берүү, өзүнө тапшыруу; мастер на все руки баары колунан келген уста, колунан бардык нерсе келген, бардык иш колунан келген; документы (бумаги и т.п.) на руках документтер (кагаз ж.б.) колдо; быть на руках у кого-л. бирөөнүн багуусунда болуу; иметь на руках кого-л. бирөөнү багып туруу; носить кого-л. на руках бирөөнү үстү-астына түшүп, алпештеп алып жүрүү; алаканына салып алпештөө; умереть на руках у кого-л. бирөөнүн колунда өлүү; отбиться от рук разг. такыр тил албай өз билгенин кылуу, моюн бербей коюу, колдон чыгып кетүү, билгенин кылуу; быть по руке (о перчатках) колго туура келүү (мээлей); дать по рукам сокку берүү; быть связанным по рукам и ногам колу-буту байлангандай эч убактысы болбоо, эркин жүрүүгө мүмкүнчүлүгү жок болуу; ударить по рукам "макулбуз" деп кол алышуу; ходить по рукам (о книге) колдон колго өтүү, бирөөдөн бирөөгө таралуу (китеп жөнүндө); под пьяную руку разг. мас кезде, мастык менен; попасть под руку учурга туура келип калуу; быть не с руки кому-л. ыңгайсыз, ылайыксыз, орунсуз; сойти с рук кому-л. күнөөлүү болуп туруп, жазасыз кутулуп кетүү; тебе это с рук не сойдёт мындан сен жазасыз кутула албайсың; сбыть с рук кого-что-л. бир нерседен же бирөөдөн эптеп кутулуу; с рук (купить) колдон (сатып алуу, магазинден эмес); вернуться с пустыми руками куру кол кайтуу; большой руки негодяй разг. барып турган митаам; с рук долой колдон чыкты - бүттү; с вашей лёгкой руки разг. колуңуз жеңил болду; ак жолтой, берекелүү колуңуз менен; тяжёлая рука жолу жок кол, жолу кара кол, ийгиликсиз кол; голыми руками брать оңой эле алуу, опоңой алуу. |
рука |
|
Котормолордун мисалдары:(бета) рука
Орусча | Кыргызча |
---|---|
рука | кол. |
И когда я люблю моего слугу, "говорит Бог:" Я стал глаза, с помощью которых он или она видит, уши, которыми он или она слушает, рука, с помощью которых он или она захватывает и нога, с помощью которых он или она идет и сердце, которым он или она понимает. | Ошентип, Мен кулумду сүйгөндө" - Кудай айтат, "Мен анын көргөн көздөрү, уккан кулактары, кармаган колдору, жана баскан буттары, жана түшүнгөн жүрөгү боломун" Бул биздин Кудай менен болгон жакындашуубуз, биздин сабагыбыз жана руханий жолубуздун, ыйманыбызд. |
Найти все переводы слова "рука" на Русском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "рука"?
Ввойти