рвать |
несов. что 1. (выдёргивать) сууруу, жулуу, жулуп алуу; рвать гвозди мыкты сууруу; рвать зубы тишти сууруу; буря с корнем рвёт деревья катуу шамал дарактарды тамыры менен жулуп кетет; рвать из рук колдон жулуп алуу; 2. (срывать) үзүү, жулуу; рвать цветы гүлдү үзүү; рвать траву чөптү жулуу; 3. (разрывать) жыртуу, айруу, тытуу, үзүү; рвать платье көйнөкту айруу, көйнөктү жыртуу; машина рвет нитку машина жипти үзөт; 4. (взрывать) жаруу, жардыруу, коңторуп таштоо; рвать динамитом скалу динамит менен асканы жаруу; 5. перен. (прекращать) токтотуу, үзүү; рвать отношения мамиле кылууну токтотуу, мамилени үзүү; 6. безл. (о боли - при нагноении) лукулдап ооруу; рану начинает рвать жара лукулдап ооруй баштады; рвать на себе волосы разг. өкүнүп өз башын өзү койгулоо, аябай өкүнүү; его рвут на части разг. аны туш-туштан талап жатат, туш-туштан тегеректеп, анын мазасын алып жатышат (мис. бир эле мезгилде бир нече иш же маселе жөнүндө); рвать и метать разг. абдан ачуулануу, долуланып ары-бери урунуу. рвать II несов. безл. кого, разг. (тошнить) кусуу; его рвало ал кусту. |