|
Параллельная юрисдикция
|
|
ЖАРЫШ ЮРИСДИКЦИЯ – ага ылайык улуттук жана эларалык сотторго эларалык соопкерчилик укуктарына каршы кылмыш жана аскердик кылмыш жасаган адамдардын иликтөө укугун бере турган эларалык кылмыш-жаза укугунун институту. Улуттук соттордун юрисдикциясына караганда Эларалык аскер трибуналынын юрисдикциясына артыкчылык бериле тургандыгы 1993-жылдагы Югославия боюнча Эларалык трибуналынын жана 1995-жылдагы Руанда боюнча Эларалык кылмыш-жаза трибуналынын уставдарында белгиленген. Кылмышты алдынала текшерүүнүн жана сот жүрүмүнүн баардык учурунда иш боюнча өндүрүштөрүн өткөрүп берүүсүн ырасмий түрдө талап кылууга Эларалык аскер трибуналынын толук акысы бар.
|