завернуть |
1. кого-что (обернуть, упаковать, укутать) ороо, чулгоо; завернуть покупку в бумагу сатып алынган нерселерди кагазга ороо; завернуть ребёнка в одеяло баланы одеялга ороо; 2. что (завинтить) бурап бекитүү; завернуть кран кранды бурап бекитүү; завернуть гайку гайканы бурап бекитүү; 3. что, разг. (загнуть, отогнуть, подвернуть) түрүү, кайруу; завернуть рукава жеңди түрүү; завернуть подол этекти кайруу; 4. (свернуть в сторону) бурулуу; завернуть за угол бурчка бурулуу; 5. разг. (зайти мимоходом) бурула кетүү, кайрыла кетүү; я завернул к своему товарищу мен жолдо өзүмдүн жолдошума кайрылдым. |