Menu
Эл-Сөздүк

Капитал банка регулятивный

Банктын ордун жабуучу (регулятивдүү) капитал – бул, жөнгө салуучу органдардын талаптарына ылайык, уюмдар тобокелдиктердин орун алышынан улам, келип чыгышы мүмкүн болгон жоготуулардын ордун жабуу үчүн ээ болууга тийиш болгон капитал.
Мындай капиталга төмөнкүлөр кирет:
Банктын өздүк капиталы – банк ээлеринин менчиги болуп саналган ар кандай багыттарга жумшалуучу жана банк ишинин экономикалык өз алдынчалыгын жана туруктуулугун камсыз кылган каражаттар жыйындысы. Банктын өздүк капиталына уставдык капитал, камдык капитал, уюштуруучулардын пайдасы, кошумча капитал кирет.
Банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин стандарттарына ылайык, капиталдын шайкештик коэффициенттерин эсептөө үчүн банктын капиталы: биринчи деңгээлдеги жана экинчи деңгээлдеги капитал болуп бөлүнөт.
а) Биринчи деңгээлдеги капиталдын түзүмүнө: төлөнгөн уставдык капитал, номиналдан үстөк салынган капитал, кошумча капитал, банктын келечектеги керектөөлөрү үчүн камдар, өткөн жылдарда бөлүштүрүлбөгөн пайда (чыгымдар) кирет. Биринчи деңгээлдеги капиталдан материалдык эмес активдерди эсептеп алып салуу аркылуу, биринчи деңгээлдеги таза капиталды алууга болот. б) Экинчи деңгээлдеги капиталдын түзүмүнө: өтүп жаткан жылдын пайдасы, активдер боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгымдардын ордун жабууга жалпы камдар, сатууга боло турган жана төлөөгө чейин кармалып туруучу баалуу кагаздарды алгылыктуу кайра баалоо боюнча камдар жана чет өлкө валюталарын алгылыктуу кайра баалоолор, субординацияланган карыз кирет.
в) Биринчи деңгээлдеги таза капиталдын жана экинчи деңгээлдеги капиталдын суммасынан банктын туунду уюмдарына, башка банктарга жана финансы мекемелерине инвестицияларды (акция же капиталга үлүштүк катышуу түрүндөгү) эсептеп алып салуу аркылуу таза суммардык капиталды алууга болот.
Биринчи деңгээлдеги таза капиталдын жана таза суммардык капиталдын мааниси банктын капиталынын шайкештигин жана башка экономикалык ченемдерди эсептөөдө колдонулат.
Перевести через онлайн Переводчик

Examples of translations: Капитал банка регулятивный

Russian Kyrghyz
банка калай
банка калайык
капитал акыйкат
комиссия банка банк жыйымдары
Аудит Банка Кыргызстана Кыргыз банкынын аудити
Капитал Банка Кыргызстана Кыргызстандын банкынын капиталы
Функции Банка Кыргызстана Кыргыз банкынын аткарган кызматтары
Операции Банка Кыргызстана Кыргыз банкынын операциялары
Положение Банка Кыргызстана Кыргыз банкынын нормативдик актылары
Отчетность Банка Кыргызстана Кыргыз банкынын баяндама берүүсү
Сотрудники Банка Кыргызстана Кыргызстан банкынын кызматчылары
Отчетность Банка Кыргызстана Кыргызстан банкынын баяндама берүүсү
Годовой отчет Банка Кыргызстана Кыргыз банкынын жылдык баяндамасы
Основной задачей Банка Кыргызстана Кыргыз банкынын негизги милдети
Цель деятельности Банка Кыргызстана Кыргыз банкынын ишинин максаты
Вклады учредителей в уставный капитал; Уюштуруучулардын уставдык капиталга кошкон салымдары;
Организация управления Банка Кыргызстана Кыргызстан банкын башкарууну уюштуруу
Организация деятельности Банка Кыргызстана Кыргыз банкынын ишин уюштуруу
Деятельность коммерческого банка по выпуску карт. Коммерциялык банктардын карттарды чыгаруу иши.
Положения Банка Кыргызстана не имеют обратной силы. Кыргыз банкынын нормативдик актылары өткөн мезгилге карата колдонулбайт.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: