Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Add word for translate
EnterRegister
Enter by
<->
 
Яндекс переводчик <->
Your translation history:
 
 
Translation history
On-line info/translations
Online translator
Найденные
Translate/result для - Агрессия
 

агрессия

 
ж.
агрессия (бирже бир нече мамлекеттердин башка өлкөлөргө алардын территорияларынтартып алуу жана элдерин эксплуатация кылуу максатын көздөп, бир мамлекетти экинчи бир мамлекетке экономикалык же саясий жактан багынтуу максатын көздөп кол салуусу).

Агрессия

 
1. баскынчылык;
2. агрессия

агрессия

 
баскынчылык

Агрессия

 
Агрессия (баскынчылык)

Агрессия

 
АГРЕССИЯ (БАСКЫНЧЫЛЫК) (лат. aggressio – кол- салуу) – эларалык укук боюнча, БУУ уставына каршы келчү, куралдуу күч колдонуу менен жасалган баардык укук бузуулар. А. тууралуу жалпы аныктаманы БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 1974-жылдын 14-декабрында кабыл алынган документ тастыктап турат. «Баскынчылык аныктамасынын» 1-статьясына ылайык, «бир мамлекеттин бөлөк бир мамлекеттин эгемендүүлүгүнө, аймактык бүтүндүгүнө, саясий көз карандысыздыгына каршы аскер күчүн, же БУУнун уставына туура келбеген дагы башка нерселерди колдонуу менен жасаган аракеттери баскынчылык болуп саналат». А. деген түшүнүк аскер күчүн пайдалануу демилгесин биринчи көтөрүүнү шарт катары белгилейт. А. тынчтыкка жана адамзат коопсуздугуна каршы жасалган эларалык эң оор кылмыштардын катарына жатат. КР аскер күчтөрү аркылуу чечилүүчү баскынчылык, колсалуу жана бөлөк жерге көз артуу сыяктуу максаттарды көздөбөйт. Мамлекет турмушун милитаризациялоону, башка мамлекеттерди көзкаранды кылууну, согуш ачууну четке кагат. КР куралдуу күчтөрү өзүн-өзү сырт душмандардан коргоо максатында түзүлгөн. Сырттан колсалуу менен жармакташ коргонуу милдеттери байланыштырып турган мамлекеттерге жардам берүүдөн башка укуктар колдоого алынбайт. Куралдуу күчтөрдүн КР аймагынан сырткары аракет кылуусу КР ЖК чечими боюнча жүргүзүлүп, ал чечим жалпы депутаттар санынын 2/3 бөлүгүнөн кем эмес добушу аркылуу кабыл алынат. Куралдуу күчтү мамлекеттин ичара саясий маселерин чечүү үчүн пайдаланууга тыюу салынат. Аскер кызматкерлери мыйзамда каралган чекте табигый кырсыкты жоюу сыяктуу шашылыш чараларды жүргүзүү үчүн колдонулушу мүмкүн. КР жалпы кабыл алынган эларалык укуктарды сактоого, тынчтыкта жанаша жашоого, өзара кызматташууга, жалпы адамзаттык жана аймактык маселелерди тынчтык жолу менен чечүүгө умтулат. Элдердин тынчтыкта жанаша жашоосуна, улуттар аралык, же дин ишеними боюнча тирешүүлөргө баруу, жаңжал чыгаруу жана ага үгүттөө конституцияга каршы көрүнүш катары айыпталат. А. кылуу жолдору тууралуу Кыйыр баскынчылык жана Тикелей баскынчылык дегендерден караңыз.

Агрессия

 
агрессия

Агрессия

 
Агрессия, баскынчылык (башка бир өлкөнүн аймагын басып алуу үчүн кол салуу)
Перевести через онлайн Переводчик

Найти все переводы слова "Агрессия" на Русском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "Агрессия"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru