|
Обеспечение иска
|
|
ДООНУ КАМСЫЗДОО – ишке катышып жаткан жактын арызы боюнча сот Д. к-го карата чара кабыл алышы мүмкүн. Эгер мындай чараларды кабыл алуу кыйынчылык туудурса же ал сот чечимин аткарууга мүмкүндүк бербесе, иштин баардык абалында Д. к-го жол берилет. Д. к. чараларына төмөндөгүлөр кириши мүмкүн: жоопкер тарапка тийешелүү болгон жана анын же башка бир жактын карамагында турган мүлккө же акча каражаттарына камак салуу; жоопкердин кандайдыр бир иш-аракетине тыюу салуу; башка жактардын ага мүлк берүүсүнө же ага карата дагы башка милдеттенмелерди аткарышына тыюу салуу; мүлктү камактан бошотуу тууралуу доону көрсөткөн учурларда мүлктү сатууну токтотуу; карызкор сот тартибинде талашып жаткан нерсени аткаруу документтери боюнча алуусуна тыюу салуу. Сот зарылдыгына жараша Д. к. боюнча дагы башка чараларды кабыл алышы, сот тарабынан Д. к-нун бирнече түрүнүн белгилешине жол берилиши да мүмкүн.
|