|
Субаренда
|
|
ЖАРМАКТАШ ИЖАРА – мүлктү жалдоо келишиминин бир түрү (жармакташ жалдоо). Жалдоого берүүчүнүн (ижарага берүүчүнүн) макулдугу менен жалдоочу (ижарачы) жалдоого алынган мүлктү Ж. и-га берүүгө укуктуу. Бул учурда келишим боюнча ижарачы ижарага берүүчүгө жоопкер бойдон калат. Ж.и-нын мөөнөтү ижара келишиминин мөөнөтүнөн көп убакытка түзүлүүсү мүмкүн эмес. Эгер мыйзамда башкача белгиленбесе Ж. и-га карата мүлктү жалдоо келишими тууралуу эрежелер колдонулат.
|