Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - тарт
 

тарт

 
tart (terazi).

тарт

 
этиш. 1. Өзүнө карай сүйрөө; булкуу, жылдыруу, жыюу, ордунан козголтуу. Карагай тарт. Колунан тарт. Араба тарт. Чана тарткан ат. Түндүк тарт. Буту-колун тартып, жыйналышып отуруу.
  1. 2.                  Чоюу, керүү. Жаа тарт. Тизгин тарт. Аркан тарт.
  2. 3.                  Транспорт менен кандайдыр бир жүктү ташуу, бир жерден экинчи жерге жеткирүү. Чөп тарт. Эгин тарт. Кызылча тарт.
  3. 4.                  Тамак-аш коюу, берүү. Эт тарт. Аш тарт. Табак тарт.
  4. 5.                  Тартуу кылуу. Алдына ат тартып, үстүнө чапан жабуу. Алтымыш буудан айдатып, Алдына тартуу тартпайбы («Эр Табылды»).
  5. 6.                  Таразалап ченөө, өлчөө. Эки кило кант тартып бере койчу. Нан тартып берүү. Даң, тарта турган таразаңар барбы? («Ала-Тоо»).
  6. 7.                  Музыкалык аспаптарды ойнотуу, күүгө келтирүү. Кыяк тарт. Чоор тарт. Сурнай тарт.
  7. 8.                  Данды тегирменден же жаргылчактан өткөрүү, майдалоо. Тегирменге ун тартып алуу. Жаргылчакка талкан тарт.
  8. 9.                  Белгилүү бир жакка багыт алуу, жөнөө, жүрүү. Жолтарт. Сапар тарт. Үйдү карай тартты.
  9. 10.              Тамеки, нашаа, насыбай чегүү. Тамеки тарт. Папирос тарта баштады. Нашаа тарт.
  10. 11.              Жабыштыруу, сыйпоо, жугузуу. Жарага чайыр тарт. Бетине көө тарт. Камыр тарт.
  11. 12.              Кандайдыр бир түргө, кейипке келүү; бир абалдан экинчи абалга өтүү, өзгөрө түшүү. Кара көк тартты. Бозомук тарта баштады. Киргил тартты. Оорусу жеңил тартып калды. Иш кыйын тарта баштады. Күн салкын тартып калды.
  12. 13.              Дуушар болуу, башынан кечирүү, өткөрүү, көрүү. Зыян тарт. Кайгы тарт. Запкы тарт. Азап тарт.
  13. 14.              Кебетеси, кыялы, мүнөзү же башка белгилери боюнча окшоп, сыяктанып кетүү. Атасын тартып балбан болчудан («Ала-Тоо»). Энесин тартат көрүнөт, өңдүү-түстүү киши болуптур («Ала-Тоо»). Мал ээсин тартпаса, арам өлөт (макал).
  14. 15.              Катыштыруу; жооптуу, милдеттүү кылуу, айыптоо. Кызматка тарт. Көпчүлүктүн ишине тарт. Жоопко тарт. Сотко тарт.
  15. 16.              Белгилүү бир тарапты, адамды колдоого алуу, жактоо, болушуу, ошол жакка ниетин, пейлин салуу. Өз тууганына тартат. Өз жакынына тарткысы келет. Таанышына, жолдошторуна тартмак болду.
  16. 17.              Сүрөт түшүрүү, бир нерсенин сүрөтүн, элесин салуу. Сүрөткө тарт. Сүрөтүн тартып берүү.

18. Жазы, жука нерсени (буюмду) керүү, керип илүү же калкалап коюу. Көшөгө тарт. Килем тарт. Туш кийиз тарт.
  1. 19.              Бөлүштүрүү, бөлүштүрүп берүү (карта оюнунда карта бөлүштүрүү).
  2. 20.              Төлгө салуу. Төлгөчү кара Төлөгүм, Төлгөңдү тартчы көрөйүн («Манас»).
  3. 21.              Чабуу, чаап жиберүү. Жаакка тартып жиберүү. Камчы менен тартып калуу.
  4. 22.              Өсүү, жетилүү. Бой тартып өсүп калган кези. Эс тарткан балдар.
  5. 23.              Биринен экинчисине өтө, алмашыла баштоо. Күзгө тартып калды. Мезгил кышка тартып калган кез. Күндөр өтүп, айлар күзгө тартканда (Аалы).
  6. 24.              Даярдоо, даярдап чыгаруу (арак, пиво ж. б. сыяктуу ичкиликтерге карата). Өзүнчө кылып санатты, Кымыздан тартып аракты («Мендирман».)
  7. 25.              Бөлүп, ажыратып чыгаруу. Май тартып сүттөн сыгылып (Турусбеков). Тарткан сүттүн каймагы.
  8. 26.              Катар, кырка ж.б. болуп туруу, тизилүү, туурасынан тура калуу. Туура тарт. Кырка тарт. Катар тарт. Уй мүйүз  тартып  отуруу.
  9. 27.              Кандайдыр бир дабыш чыгара дем алуу, демин ичине тартылтуу. Коңурук тарт. Оп тарт. Кемпир ишене албай өңгөчүн тартып сүйлөдү (Сыдыкбеков). Дем тарта албай калды.
  10. 28.              Оруу, чабуу, жандыруу ж.б. максаттарга ылайык шилтөө, шилтей аракет кылуу. Ширеңке тарт. Орок тарт. Береги чалгы тарткан келиндер негедир сумсайыңкы күлүшөт (Сыдыкбеков).
  11. 29.              Белгилүү бир убактан, мезгилден баштап. Бүгүндөн тарта. Эртеңден тарта. Күздөн тарта. Келгенден тарта. Жаралгандан тарта.
  12. 30.              Күч көрсөтүп же түрдүү аракеттерди, амалды колдонуп алып коюу, жулуп алуу, өзүнө оодарып, ыйгарып кетүү. Колуктуңду тартып кетиштиби? («Ала-Тоо»). Атын тартып алып коюшту.
  13. 31.              «Токтот!», «жетишет!», «катылба!» деген мааниде колдонулат. Тарт тилиңди! Тарт колуңду!
  14. 32.              Бирөөнү өзүнө жакындатуу, өзүнүн таасирине өткөрүү, үйүр кылуу. Баланы өзүнө тартып, боюна үйүр кылып алды.

тарт-

 
1. тянуть, тащить; возить;
башына тартса - аягына, аягына тартса, башына жетпейт погов. натянет на голову - на ноги не хватает, натянет на ноги - на голову не хватает; нос вытянет - хвост увяз, хвост вытянет - нос увяз;
турган жеринен бутун тартпады он не двинулся (букв. не потянул ноги) с того места, на котором стоял;
жип тарт- протянуть верёвку;
ат жалын тартып мингенде
1) когда он садился (на коня), держась за гриву;
2) перен. (о мальчике) когда он немного подрос;
кулактан тарт- драть за уши;
чачтан тарт- таскать за волосы;
жаа тарт- натягивать тетиву; стрелять из лука;
катар тарт- строиться в ряды;
тузак тарт- ставить силки;
божу тарт- потянуть вожжи (управляя лошадью);
божусун кайда тартса, ат ошол жакка кете берет лошадь идёт туда, куда потянут вожжи;
орок тарт- жать серпом;
чалгы тарт- косить косой;
жүк тарт- возить груз;
бензин тарткан машина кээде киши тартып калат (авто-) машина, на которой возят бензин, иногда возит людей;
2. подавать угощение;
аш тарт- или табак тарт- подавать пищу, угощение;
3. уст. подносить, дарить (вышестоящему или в возмещение причинённого ущерба);
чапан жаап, ат тартты он поднёс (или уплатил в качестве штрафа) халат и коня;
Шамырбек датканын алдына ат тартып, үстүнө чапан жаап, анан уруксат алар эле фольк. у Шамырбека датхи (см. датка) получали разрешение, дав в дар: под него - коня, на него - халат;
4. кастрировать (путём перекручивания семяпроводов);
сени тартып таштаганбы? кастрат ты, что ли? а ты-то не мужчина, что ли?
5. (точнее таразага тарт-) взвешивать, отвешивать;
мага беш кило кант тартып бериңиз отвесъте мне пять кило сахара;
6. играть (на духовом инструменте);
чоор тарт- играть на дуде, на свирели;
сурнай тарт- играть на зурне;
гармон тарт- играть на гармони;
7. молоть (зерно);
тегирменге барып, ун тартып келдим я съездил на мельницу и намолол муки;
8. двигаться, направляться;
жолдон бурулуп, бизди карай тартты он свернул с дороги и направился к нам;
ал бура тартып келди он повернул (коня) и подъехал (сюда);
тарт бери! подъезжай сюда!;
бери тарта кет (по пути) заверни сюда;
жол тарт- двинуться в путь;
кой эми, жол тарталы перестань, давай двинемся в путь;
мындан ары жол тартсаң, жер маанисин ай тайын фольк. если поедешь дальше, я расскажу тебе о дороге;
9. курить или закладывать в рот табак;
тамеки тарт- курить табак;
бопорос тарт- курить папиросы;
асмай тарт- закладывать (за нижнюю губу, под язык) насвай;
10. намазывать; прикладывать;
малаам тарт- приложить пластырь;
көө тарт- намазать сажей;
көө тарткандай бетиме тамга салды он меня осрамил (букв. мне на лицо наложил пятно, как будто намазал сажей);
саным күйүп баратат, кар тартсам, жаным сер алар дейм у меня бедро (от боли) горит, можетбыть, мне будет легче, если приложить снег;
11. принимать какой-л. цвет, вид, какую-л. форму; становиться какого-л. цвета, вида, какой-л. формы; приобретать какой-л. оттенок; приобретать какие-л. качества;
саргылт тарт- иметь жёлтый оттенок;
кара көк тартып приняв тёмно-синий оттенок;
куба тарт- побелеть;
кубалжын тарт- слегка побледнеть;
ыргылжың тарт- быть в сомнении, в нерешительности;
киргил тарт- принять мутноватый, грязноватый оттенок;
көңүлсүз тарт- становиться скучным;
кыйын тарт- становиться трудным, затруднительным; чувствовать ухудшение (о больном);
жеңил тарт- чувствовать облегчение (о больном);
жымжырт тарт- стать безмолвным;
аба кечке салкын тартып турду к вечеру погода становилась холоднее;
аба ырайы бир далай салкын тартып калган очень похолодало (букв. погода очень похолодала);
сейрек тартып калды поредело;
жашык тарт- становиться излишне чувствительным, слезливым;
карганда жашык тартып калат белем, бышактап Абдылдага кулач керди стих. в старости, видимо, становятся слезливыми: он, всхлипывая, раскрыл объятия для Абдылды;
мени, тестиер тарта баштаганда эле, диндик мектепке окууга беришкен меня отдали в духовную школу, как только я немного подрос;
эс тарт- (повзрослев) умнеть, начать сознательно относиться к окружающему;
мен эс тартканы с тех пор, как я себя помню, с тех пор, как я немного подрос;
эс тарткандан тартып, комуз үнүнө кулак салып, аны кармалай калып, кайрууларды үйрөнөт с тех пор, как он немного подрос, он слушает звуки комуза, держит его в руках и обучается мелодиям;
12. испытывать, переживать; подвергаться чему-л.;
запкы тарт- подвергаться притеснениям, унижениям, гонениям;
зыян тарт- понести убыток;
азап тарт- испытывать мучение, мучиться;
айып тарт- платить штраф; подвергнуться штрафу;
жаза тарт- подвергнуться наказанию, понести наказание;
13. удаться, уродиться в кого-л.;
энесин тартканбы, атасынбы? он уродился в мать или в отца?
Күлай энесин жазбай тартыптыр Кюлай уродилась прямо-таки в мать; Кюлай - вылитая мать;
(Семетей) атасы Манасты тартып, баатыр болот фольк. (Семетей) уродившись в отца своего Манаса, становится богатырём;
атасын тартпай, кем кайрат, жаман болду он не в отца пошёл, оказался неэнергичным, никудышным;
мал ээсин тартпаса, арам өлөт погов. по хозяину и скот;
14. с предшеств. дат. п. привлекать;
коомдук ишке тарт- привлекать к общественной работе;
сотко тарт- или сот жообуна тарт- привлечь к суду;
өзүнө тарт- привлекать на свою сторону; вызывать к себе симпатию;
маа тарттың ты стал на мою сторону;
15. подражать кому-л., следовать чьему-л. примеру;
сен Кусейинди тартпа ты Хусаину не подражай; не считай Хусаина для себя примером;
16. располагаться вдоль чего-л.; располагать, растягивать;
аргын, кыргыз ой тартып, конуп жаткан жери экен фольк. то было место, где (племя) аргын и киргизы расположились вдоль по низине;
килем тартып коюптур он повесил ковёр (напр. на стену);
17. изображать;
сурөт тарт- изображать, рисовать, фотографировать;
анын сүрөтүн тарттым или аны сүрөткө тарттым я его нарисовал; я его сфотографировал;
18. сдавать (карты);
ким тартат? кто сдаёт?
19. в форме деепричастие прош. или наст. вр. и с предшеств. исх. п. от, с, начиная от;
алтынчыдан тартып, он жетинчи сентябрге дейре с шестого по семнадцатое сентября;
мындан ары тарта впредь, отныне;
бир топ жылдардан бери тарта вот уже много лет, как...;
октябрден тартып начиная с октября;
бир метрден тартып, беш метрге чейин от одного до пяти метров;
капчыгайдын орто ченинен тарта начиная от средины ущелья;
тоют маселеси чечиле баштагандан тартып, Оргочордо бардык иш оңоло баштады с тех пор, как начал разрешаться вопрос с кормами, в Оргочоре стала налаживаться вся работа;
тартып жибер- ударить, огреть;
жаакка тартып жибер- дать по скуле; заехать в морду;
атын үч-төрт тартып жиберди он вытянул (хлестнул) своего коня три-четыре раза;
ширеңке тарт- чиркнуть спичкой;
тартып... силой, насильно (сделать что-л.);
тартып ал- отнять;
тартып өп- поцеловать насильно, против желания другого;
сурап ичкен - суу ичкен; тартып өпкөн - жел өпкөн погов. выпить выпросив - всё равно, что воды выпить, поцеловать насильно - всё равно, что ветер поцеловать;
сырларын тартып көр выведай у него его тайны;
арак тарт- гнать водку (гл. обр. самогон);
калмакча тарткан арактан, мелтирете куйду эми фольк. вот он налил дополна водки, приготовленной по-калмыцки;
уй мүйүз тартып отуруп сев в кружок (кругом);
бой тарткан кыз взрослая девушка; девушка на выданье;
колуңарды тарткыла! руки прочь!;
тарт тилиңди! замолчи!; прикуси язык!;
тарта сүйлөңүз следите за своими словами;не очень-то распускайте язык;
тилин тартпай, ичиндегисин баарын айтты не стесняясь в выражениях, он изложил всё, что у него накопилось;
тилин тартпаган несдержанный на язык;
тарт арабаңды! проваливай!;
оң көзүм тартып турат (примета) у меня правый глаз подёргивает (к добру или к худу);
баш тарт- уклоняться;
баш тартпайлык, аткаралык не будем-ка уклоняться, давайте выполним;
аттын башын тарт-
1) натянуть поводья, попридержав коня;
2) сдерживать себя, не давать себе воли;
атыңдын башын тарт умерь свои аппетиты, не очень-то вольничай;
атыңдын башын тартыбыраак жүр будь поскромнее в своих аппетитах, не позволяй себе вольничать;
тиктегенден тартпаган упорный, никогда не отступающий от намеченной цели;
мурун тарт- шмыгать носом;
мурдун тарта-тарта то и дело шмыгая носом;
мурдун тарталбаган (о человеке) никчёмный, никудышный;
тарткан убак с предшеств. дат. п. время клонилось к..., чувствовалось приближение...;
жай айлары аяктап, күзгө тарткан убак летние дни подходили к концу, чувствовалась близость осени;
баш-аягын тарт- этн. вынуть из-под головы (умирающего) подушку и выпрямить его ноги;
аягым тартпай турат у меня нет желания идти (или ехать);
бул сапарга такыр аягым тартпай турат у меня нет никакого желания отправиться в этот путь;
аза тарт- (см. аза I. 3);
сымга тарткандай (см. сым);
жан тарт- (см. жан I);
эш тарт- (см. эш I. 1).

тарт-

 
pull [пул];
draw [дроо];
(сүрөт) paint [пэйнт]

тарт-

 
тарт-, тартты
тарт тизгиниңди!


Хотите добавить свой перевод для слово: "тарт"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru