-
салмак
-
1. вес, тяжесть;
салыштырма салмак удельный вес;
тирүүлөй салмак живой вес;
таза салмак чистый вес;
салмак атта- грузно шагать;
2. перен. тяжесть, невзгоды, притеснения;
бизге датканын салмагы тийбес бекен? не будет ли нас притеснять датка (см.) ?
сага, түшчү салмак бар тебя ожидают большие неприятности;
тим турган жанды тим койбой, тийди жаман салмагың фольк. ты не оставляешь в покое мирных людей, ты несёшь (букв. от тебя исходят) притеснения;
алмак-салмак или алмактан-салмак поочерёдно;
үчөө бир атты алмак-салмак минип жүрүп олтуруп они трое по очереди едут верхом на одной лошади;
экөөбүз алмак-салмак иштедик мы работали по очереди.
-
салмак
-
. зат. 1. Нерсенин, заттын салмактап өлчөө аркылуу белгилүү боло турган оордугу, оордук абалы. Музоо жедеп көнгөндөй, баланын салмагын тоотпой, чийдин учун жалмалап турат (Сыдыкбеков). Ириктин ар бирөөн 70 килограмм салмак менен тапшырды.
2. Күч, артыкчылык. Сени коргоп өйдө турду баатыр эл, Салмагынан солкулдады кара жер (Үмөталиев). Дүйнө жүзүн дүңгүрөтүп салмагың, Элиң үчүн эрдигиңди арнадың (Калык).
♦ Салмак менен — акырын, жай, шашпай. Керим катты салмак менен окуй баштады (Таштемиров).
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
салмак