Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы: кушкана Тарса armut вчитываться уламалуу мыйзам чыгаруучу бийлик дама АРТЕЛЬ Земля (планета) Акция илби- спот-алмашуу курсу кубок атала Менин номурум … Клапаны сердца menzil жүзүнчү Куралдуу колсалуу байкоостон
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - номиналдык наркы
     

    номиналдык наркы

     
    nominal cost
    Перевести через онлайн Переводчик

    Котормолордун мисалдары:(бета) номиналдык наркы

    КыргызчаАнглисче
    Баалуу кагаздын адилет (рыноктук) наркынын анын номиналдык наркынан артышы. Мында, купон боюнча чегерилген пайыздар эске алынбайт (эгерде, баалуу кагаздарды чыгаруу шарттары купонго төлөөнү түшүндүрсө)..
    Макулдашылган мөөнөттө (айрым учурда акыркы мөөнөт макулдашылбай да калат) финансылык ресурстарды алуу үчүн чыгарылган, белгиленген пайыздык чендеги жана номиналдык наркы боюнча төлөнүүчү карыздык баалуу кагаздар (облигациялар)..
    Өкмөттүн же фирманын карыздык милдеттенмесин түшүндүргөн, карыздын жана белгилүү бир убакыт ичинде акчанын, утуштун белгилүү бир суммасын дайыма төлөп туруу формасында пайыздык төлөмдөрдүн номиналдык наркынын ээсине кайтарылып берилишин гарантиялаган баалуу кагаз..
    Кредиттин/насыянын (займдын) жеңилдетилген шарттарда берилгендигинин көрсөткүчү, ал кредиттин/насыянын (займдын) номиналдык наркы менен карызды тейлөө боюнча карызгерден кармалып калуучу болочоктогу дисконттолгон төлөмдөрдүн суммасы ортосундагы айырманын, насыянын (займдын) номиналдык наркына карата катышы катары эсептелинет..
    Капитал – 1) үстөк наркты шарттаган нарк; 2) милдеттенмелерди алып салгандан кийинки активдердин жалпы наркы; 3) материалдык жана акчалай каражаттарды экономикага, өндүрүшкө капиталдык салуу.
    Капитал төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:
    Акционердик капитал – бул, акционердик коомдун акцияларды чыгаруу жана сатуу аркылуу түзүлгөн капиталы. Акционерлердин жеке капиталдарын бириктирген жыйындыны түшүндүрөт;
    Бул, наркынын жогорулап кетиши шартында, негизги каражаттарды кайра баалоонун эсебинен, өздүк акцияларды сатуудан келип чыккан айрыманын (акциялардын сатуу баасынын анын номиналдык наркынан артышы), ошондой эле негизги капиталды алгылыктуу негизде кайра баа берүүнүн эсебинен түзүлгөн капитал.
    .
    Карыздын төлөнбөгөн номиналдык наркы менен операция жүргүзүлгөн валюта үчүн колдонулган пайыздык чен боюнча дисконттолгон, карызды тейлөө боюнча келечектеги төлөмдөрдү салыштыруу максатында, кредит же насыя (займ) берилген учурга карата жүргүзүлгөн, карыздын номиналдык наркына пайыз түрүндө туюндурулган таза келтирилген наркты эсептөө. Карыздын жеңилдетилген деңгээли (же байланыштуу жардамдын) эки тараптуу негизде окшош эле эсептелет, бирок карыздын номиналдык наркынын ордуна насыянын (займдын) жалпы наркы, б.а. кредитор тарабынан берилген сыяктуу эле, берилбеген каражаттарды да эске алуу менен алынат, ал эми булардын айырмасы грант-элемент деп аталат (Грант-элементти жана Таза келтирилген наркты карагыла.).
    1) Карызгер кредиторго кайсыл болбосун убакытта төлөп берүүгө тийиш болгон сумма. Бул нарк адатта карызгер менен кредитор ортосундагы контракттын шарттарында аныкталат. Ал аны түзүүдө талаптардын/милдеттенме-лердин наркын жана операциялар (мисалы, негизги сумманын ордун жабуу), нарктык баа берүүнүн өзгөрүүсү (рыноктук баанын өзгөрүүсүнөн тышкары, алмашуу курсунун жана нарктык баа берүүнүн өзгөрүүсүн кошо алганда) жана кандай болбосун башка өзгөрүүлөр (мисалы, эсептен алып салуулар) сыяктуу кандай болбосун келечекте орун алышы мүмкүн болгон экономикалык агымдарды чагылдырат;
    2) Карыз алуучу кредиторго кайсыл болбосун убакытта берүүгө тийиш болгон сумма; бул сумманын өлчөмү көпчүлүк учурда дебитор менен кредитор ортосундагы контракт шарттарына ылайык аныкталат. Карыздык инструменттин номиналдык наркы карыз келип чыккан учурдагы анын наркын, ошондой эле операциялар (мисалы, карыздын негизги суммасын төлөө), кайра баалоого байланыштуу өзгөрүүлөр (рыноктук баанын өзгөрүүсүнөн көз карандысыз) ж.б. өзгөрүүлөр сыяктуу орун алган кандай болбосун экономикалык агымдарды чагылдырат.
    Концептуалдуу көз караштан алганда, карыздык инструменттин номиналдык наркы ошол инструмент боюнча колдонулуп жаткан келишимдик чен (чендер) боюнча пайыздардын жана негизги суммалардын келечекте төлөнүшүн дисконттоо аркылуу эсептелиниши мүмкүн. Акыркысы катталган же өзгөрүлмөлүү болушу ыктымал. Баанын баштапкы мааниси, адатта акча белгилеринде, баалуу кагаздарда көрсөтүлүүчү нарктын так өлчөмү.
    .

    Найти все переводы слова "номиналдык наркы" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

    Хотите добавить свой перевод для слово: "номиналдык наркы"? Ввойти


    Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
    Language:
    Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
    Онлайн - рег.= = =
    Рейтинг@Mail.ru