|
коммунизм
|
|
зат. 1. Өндүрүш каражаттарын коомдоштурууга негизделген, социалисттик революция, пролетариат диктатурасын орнотуу жана эксплуататорлук таптарды жоюу аркылуу келип чыккан жана эки фазалуу өнүгүүгө ээ болгон эң жогорку коомдук-экономикалык формация; коммунисттик формациянын биринчи фазасынан — социализмден өзгөчөлөнүп, «Ар кимдин жөндөмдүүлүгүнө жараша, ар кимге — керектөөсүнө жараша» — деген принципке өтүп, өнүгүүнүн эң жогорку, экинчи фазасына жеткен тапсыз коом. Совет элинин азыркы муундары коммунизм мезгилинде жашайт («КПССтин Программасы»).
2. Коомдун өнүгүшүнүн объективдүү закондорун билүү, үйрөнүү негизинде пролетардык революциянын жана коммунисттик коомду куруунун Маркс, Энгельс, Ленин тарабынан түзүлгөн илимий теориясы жана тактикасы.
¨ Согуш коммунизми — согуш убагындагы кыйынчылыктарга жана чарбачылык бүлгүнгө байланыштуу келип чыккан 1918 — 1920-жылдагы граждандык согуш мезгилиндеги Совет бийлигинин экономикалык саясаты. Илимий коммунизм — коммунизм менен бирдей (2-маанисинде).
|