|
жетил
|
|
этиш. 1. Белгилүү бир деңгээлге жете өсүү, өнүгүү, толуу, бышуу. Жетилген козу. Бала быйыл жетилип калган экен («Ала-Тоо»). Жыл сайын жетилесиң, көгөрөсүң, Бутактап, барча-барча көбөйөсүң (Нуркамал). Ак өрүк бышып, мөмөлөр жетиле баштады (Абдукаримов).
2. Өсүп-өнүгүү, өсүп жетүү, баралына келүү, толуу, толукталуу. Кыргыздар өсүп жетилдиң (Бөкөнбаев). Жетекчиң Компартия катарына, Жетилди өзүңөрдөн нечен-нечен (Нуркамал). Мына, жетилет деген ушу, Маскөөгө кызың баратса, оңой жөрөлгө бекен? (Байтемиров). Кетилгени жетилип, Кемтиги жок болуптур («Эр Табылды»).
|