БАЯНДОО — эпикалык чыгармаларда айтуучунун (автордун) речи, башкача айтканда каармандардын тике сөзүнөн башка чыгарманын толук тексти. Айтуучунун жеке талантына, диндик-идеологиялык түшүнүгүнө, улуттук психологияга, салт-санаага ылайык ар бир манасчыда Б. өзүнчө өзгөчөлүктөргө ээ. Эпикалык чыгармаларда, анын ичинде «Манас» эпосунда Б. ыкмасы кеңири колдонулат. Жаратылыш кооздугун сүрөттөөдө, жүрүп жаткан окуяга баа берүүдө, каармандын айлана-чөйрөгө жасаган мамилелерин, иш-аракеттерин көрсөтүүдө, каармандарга портреттик мүнөздөмө берүүдө, психологиялык абалын сүрөттөөдө, эпизод менен эпизодду, окуя менен окуяны байланыштырууда Б. кеңири пайдаланылат. Эпосто сюжеттин өнүгүшү негизинен манасчынын Б-су аркылуу ишке ашырылат да, каармандардын иш-аракеттери эпикалык Б-дон башка диалог-речтер жана монолог ой-жүргүзүүлөр менен жабдылат. Эпикалык Б. каармандардын ички сезимдерин, карым-катышын, эпикалык сүрөттөмөлөрдү, пейзаждык көрүнүштөрдү, эпикалык мезгил, кыскача речтерди, ошондой эле окуялардын талкууланышын, мотивдердин, кырдаалдардын түшүндүрүлүшүн ичине камтыйт. «Манас» эпосунда Б. эки түрдүү формада — тигил же бул окуяга киришүү алдында кара сөз (жорго сөз) жана көп учурларда ыр түрүндө берилет.
К. Кырбашев
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как БАЯНДОО
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
25Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 5 х 5? Ответ:
Отправить