|
балалык
|
|
зат. 1. Бала чак, эң жаш кез, жаштык. — Узун түнгө эрмек болсун, эмесе, мен балалыктан баштайын (Аалы). Фрунзе, сүйгөн шаарым, сүйгөн калаам, Жаш күнүм, балалыгым сенде калган (Осмонов).
2. Аркы-беркини көп байкабагандык, кагылбагандык, жеңил мүнөздүүлүк. Сынап көрсөң менде тентек балалык, Сымап болуп чимирилем таралып (Аалы). Балалыгың болбосо, Бар эле сенин үнөмүң (Токтогул). Балалыгың башыңдан чоң.
|