|
Эркин мандат
|
|
ЭРКИН МАНДАТ – бийликтин өкүлчүлүк органынын депутаты шайлоочулардын суроо-талаптарына байланбай жана алардын алдында өз иш-аракеттери үчүн жоопкерчилик тартпай турган эреже. Демек, шайлоочулардын мөөнөтүнөн мурда чакыртып алууга мүмкүнчүлүгү жок. Э. м. принциби баардык демократиялык мамлекеттерде колдонулат. Карама-каршысы – императивдик мандат.
|