|
Чегараларды тазалоо
|
|
ЧЕГАРАЛАРДЫ ТАЗАЛОО – мурда эларалык келишим менен аныкталган мамлекеттик чегара сызыгын жеринде бир аз өзгөртүү же тактоо. Чегара аймактарындагы тешкен тоо, гидростанциялардын курулуштарында жана башка курулмаларда, ошондой эле чегаралардагы же ага жакын жерлердеги мамлекеттин чарбалык кызыкчылыктарын канагаттандыруу максаттарында колдонулат. Кызыкдар тараптардын ортосундагы эларалык келишимдердин негизинде ишке ашырылат.
|