|
Төлөм тутуму
|
|
ТӨЛӨМ ТУТУМУ – кредиттик-каржы мекемелеринин ортосунда накталай эмес эсеп-кысаптарды жүргүзүү жана карыз милдеттенмелерин жөнгө салуу үчүн колдонула турган технологиялар менен жарак-жабдыктардын өзара байланыштуу тутуму. Төлөм кызматтарын көрсөтүүчү мекемелер (КРУБ ж. б. мекемелер) жана иш кошундулары (клиринг тутуму, гросс тутуму ж. б.), төлөм жарак-жабдыктары төлөм тутумунун бирдиктүү кошундусу болуп саналат.
|